Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгиледи. Мындай чечим БШКнын 12-июлдагы жыйынында кабыл алды. Анда бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганы айтылды.

БШК 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

От admin