13-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Т. Айтматов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан имараттын 9-кабатынан 2006-жылы туулган А.Т. аттуу бала секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен натыйжада жогоруда аталган 17 жаштагы баланы өз өмүрүн кыюудан сактап калышкан.

От admin

Добавить комментарий