Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Камчатка аймагы боюнча кызматкерлери тарабынан Петропавловск-Камчатский шаарында 2016-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды.
Кармалган 61 жаштагы Талас облусунун тургуну И.Ч., 2013-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына келип, жеринен жергиликтүү тургундардын ишенимине кирип, акча убада кылуу менен өрүктү сатууга алып кеткен. Натыйжада, жетимиш үч жергиликтүү тургун жалпысынан 750 миң сомдук материалдык чыгымга учураган.

От admin