Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына келди.

Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Азербайжандын премьер-министринин орун басары Шахин Мустафаев тосуп алды.

Баку шаарынын эл аралык аэропортунун флагштокторуна Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди.

24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

От admin