Бишкекте электр самокат айдаган эки кыз сүзүшүп кеткен. Жабыркаган кыздын баш мээси чайкалган. Бул тууралуу Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунан билдиришти.

Ал улуттук госпиталга жаткырылган, абалы канааттандырарлык. Окуя 10-кичи райондо болгон. Окуянын күбөсүнүн айтымында, эки самокат айдап бара жаткан кыздар сүзүшүп кетишкен.

От admin