Рубрика: Дүйнөлүк жаңылыктар

Шавкат Мирзиёев ант берип, кызматына киришти

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти кызматына бүгүн, жума күнү Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы менен Сенатынын (парламенттин төмөнкү жана жогорку палатасы) биргелешкен жыйынында киришти. Инаугурация аземи өлкөнүн улуттук телеканалы аркылуу түз көрсөтүлдү. Сенаттын…

Президенттин беделине шек келтирүүдө. Түркмөнстанда кайыр сурагандар жапырт кармалууда

Түркмөнстандагы Балкан облусунун бийлиги кайыр сураган жана үй-жайы жокторго каршы рейд өткөрүп, жапырт кармап жатат. Анын алкагында ондогон адам, анын ичинде балдар жана майыптар дагы полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыктын»…

«Вагнердин» курал-жарак жана техникасы орус армиясына өткөрүлүп берилди

«Вагнер» жеке аскердик компаниясына тиешелүү курал-жарак жана аскердик техника орус армиясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 12-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Министрлик 2 миңден ашык аскердик техниканы, ошондой эле курал-жарак жана…

Казакстан. Январь окуясы. Сот журналистти 4 жылга, активисттерди 8 жылга кести

Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту Январь окуясы учурунда Алматы аэропортун басып алууга айыпталган жарандарга карата өкүм чыгарды. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, сот журналист Айгерим Тлеужанды төрт жылга, активисттер…

Токаев блогерлерди салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык түйүндөрдө жарнама аркылуу акча тапкандарды кирешесинен салык төлөөгө милдеттендирген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Быйыл сентябрь айында күчүнө кире…

Үчөө балдар. Кытайда эркек киши бала бакчага бычак менен кирип барып 6 адамды өлтүрдү

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында алты адамдын өлүмүнө алып келген кол салуу бала бакчада жасалганын Кайцзян округунун коомдук коопсуздук бөлүмүнө таянуу менен РИА Новости билдирди. Буга чейин жергиликтүү полиция дүйшөмбү күнү…

Жерде жаткан балдар. Кайыр сураган адамдар. Индиядагы автобекеттин көрүнүшү

Супер Мамасита аты менен белгилүү Казак блогери Алия Байтугаева учурда Индиянын Нью-Дели шаарына барып, ал жактагы автобекеттин видеосу менен бөлүштү. Видеодон жерде жаткан адамдарды, кичинекей балдарпды көрүүгө болот.

500 дрон тартылган. Астанада дрондордун шоусу болуп өттү

Астанада борбор калаанын 25 жылдыгына карата жүздөгөн дрондор учурулгандыгы маалымдалды. Ага 500 дрон тартылган. Астана шаарынын мэринин басма сөз катчысы Акмарал Олжабаеванын айтымында, шоу демөөрчүлөрдүн эсебинен уюштурулган.

110 жаштагы карыя узак өмүр сүрүү үчүн оригиналдуу себептерди айтты

Түштүк Африка Республикасында жашаган фермер өзүнүн 110 жылдыгын белгилеп, узак жашашынын себебин атады. Бул тууралуу Polokwane Observer басылмасы билдирди. Лимпопо провинциясынын Мараксве-Мбахела кыштагынан Таняни Джозеф Радали маанилүү датаны ишемби, 24-июнда…

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы «Вагнерди» террордук уюм деп тааныды

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясы “Вагнер” жеке аскердик компаниясын террордук уюм деп таануу боюнча резолюция кабыл алды. Документ ассамблеянын сайтында жарыяланды. “ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы “Вагнер” тобунун Орусия өкмөтүнүн…