Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

   
 2025-жылдын 28-февралында  КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү  боюнча айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Талас облусунун Айтматов райондук ИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, милициянын майору К.Н.Р. жана  милициянын сержанты Н.С.Ж. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.Бул тууралуу УКМК билдирди.
   Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
   Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында  КР Президенти С.Н.Жапаров тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол коюлган, ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.
   Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.
   КР УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.

4 Март 2025 жыл 12:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча