
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Жер кодексинин жаңы нормасына нааразы болгон жарандардын кол топтоо иши өтүүдө.
Жер тилкелеринин ээлери бийлик жерлерди коомдук муктаждыктар үчүн алып алса, компенсация рыноктук баасынан төмөн болорунан чочулашат. Активисттер Садыр Жапаровдон документке кол койбоосун өтүнүшүүдө.
Окуя болгон жерге укук коргоо органдары келген. Алар кол топтолгондон кийин чогулгандарга дароо тарап кетүүнү эскертишкен (парламенттин алдында митинг өткөрүүгө соттун тыюу салганын билдиришти).
Мурдараак Мамлекеттик каттоо кызматында жеке менчик Конституция менен корголгондугу жана кодекстин жаңы редакциясында жерди алып алууга негиздер өзгөрбөгөнү түшүндүрүлгөн.