Милициянын маалыматына ылайык, 3-февралда жубайлардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул факты ИИБге катталып, жабырлануучу аялга коргоо ордери берилген. Ошол учурда окуя жөнгө салынган деп эсептелген.

Бирок 4-февралда жубайлар кайрадан кызганычтын айынан урушуп кетишкен. Натыйжада күйөөсү аялын бычактап, ал окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда кылмыш иши козголуп, 40 жаштагы шектүү кармалган.

От admin