Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Жалал-Абадда блогер камакка алынды

Опузалоо фактысы боюнча Жалал-Абад шаарында блогер кармалды, деп билдирди УКМК.
13-февралда УКМК тарабынан Instagram социалдык тармагында 200 000 катталуучусу бар Р.к.Ч аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.
«Ал Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт/видеолорду таратам деп коркутуп, акча талап кылгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөт жана видеого түшүүгө мажбурлаган. Андан соң И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.
Учурда кармалган жарандын бардык кылмыштарын аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан улам Р.к.Ч.нын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына же 0995 012 210, 03722 5 60 49 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз»,- деп айтылат расмий маалыматта.

14 Февраль 2025 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча