ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Айбек Джумагулов Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган ыкчам кеңешме өткөрүп, кызматына кайдигер караган бир нече кызматкерлердин кызматтык жоопкерчиликтерин карады.

Анда өлкө башчыбыздын ишмердүүлүктү санариптештирүүнүн алкагында койгон тапшырмаларын толук кандуу аткарбаган, жол кырсыктарынын катталуусуна жол берген, коомчулук жана айдоочулар арасында жетишээрлик деңгээлде үгүт-насаат иштерин жүргүзбөгөн, кызматтык күч каражаттарды туура эмес багытта колдонгон жана жалпы кызматына кайдигер караган кызматкерлерге тийиштүү тартип жазалары берилерин эскертти.

Жыйындын соңунда башкы башкармалыктын орун басары тарабынан тийиштүү тапшырмалар коюлуп, орун алган кемчиликтерди тез аранын ичинде орундатууну тапшырмалары коюлду.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.

От admin