
18-февралда саат 04:26да Жалал-Абад облусунун аймагында 2,5 баллдык жер титирөө катталды.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Сузак айылынан 2 км түштүк-батышта, Бек-Абад айылынан 3 км батышта, Жийде айылынан 3 км түндүк-батышта жайгашкан.
Анын күчү Сузак, Бек-Абад, Жийде, Кумуш-Азиз айылдарында 2,5 баллга жетти.