Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин негизинде Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда 7 жаңы муниципалдык мал базар курулуп, ишке берилди.
Ал эми, азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда жана Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп ишке берилет.
Республика боюнча бүгүнкү күндө 43 мал базар ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Ал эми 25 мал базарга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилип, талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Көрсөтмөлөрдү аткарбагандыктан Ноокат жана Москва районундагы 2 мал базардын ишмердүлүгү токтотулду.