Өзгөндө 17 жаштагы студент кыз төрөдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жашы жете элек кыз апрель айынын башында төрөгөн. Эне менен баланын абалы жакшы. Алар төрөт үйүнөн чыгарылды.
«2023-жылдын 15-декабрында Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 17 жаштагы кыз кош бойлуу экендиги тууралуу маалымат катталган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз», — дешти милициядан.