2024-жылдын 28-май күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун катышуучусу-Беларусь Республикасынын жаранын Бишкек шаарынын аймагынан кармашты.
Кармалган жарандын убактылуу жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук, уюлдук телефон, акча каражаттары — АКШ доллары, орус жана белорусь рублдери, казак теңгеси табылып алынды.
Аталган ыкчам иш-чаралар КМШга катышуучу-мамлекеттердин ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында ишке ашырылды.
Беларусь Республикасынын Тергөө комитети тарабынан Беларусь Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (уюшкан топ тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жаткандыгын белгилейбиз.
Алдын ала маалыматтар боюнча 2020-жылдын февралынан 2024-жылдын январына чейин Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын, Израилдин, Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин аймагында улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топ өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшкөн. Анын катышуучулары Интернет сайттарга кирешелүү делген каржы компанияларга акча каражаттарын инвестициялоонун эсебинен акчалай сый акы алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жалган маалыматтарды жайгаштырышкан. Алар көрсөткөн кирешелүү каржы компаниялар иш жүзүндө жок болгон.
Аталган сайттарга жарандар кайрылган учурда өздөрүн менеджер катары көрсөткөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү алардын ишенимине киришкен. Кылмышкерлер компьютердик техниканы, мобилдик түзүлүштү, башка маалымат алып жүрүүчүлөрдү, “Viber”, “Telegram”, “WhatsApp”, “Skype” мессенджерлериндеги аккаунттарды колдонуу менен ар кандай укукка каршы аракеттерди жасашкан.
Өздөрүнүн кылмыштуу ишмердигин жашыруу үчүн алар Минск, Москва, Бишкек шаарларында “ЖЧК” чарба жүргүзүүчү субъекттерин катташкан. Алардын атынан жарнамалык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу шылтоосу менен кеңселерди ижарага алышып, анда алдамчылык аракеттерин жасашкан “Байланыш-борборлорун” иштетишкен. Ал жерден IP-телефонун колдонуп, кылмыштуу топтун мүчөлөрү жарандарга телефон чалышкан. Мындай “Байланыш-борборлордун” ишине Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймагында бөгөт коюлган. Аталган кылмышка шектүү катары 2024-жылы жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун 55 мүчөсү, анын ичинде уюштуруучулар кармалган.
Бул кылмыштуу топтун курамына Беларусь Республикасынын жараны да кирген. Ал өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын аймагынан ар кандай лакап аттарды колдонуу менен жүргүзгөн. 2024-жылдын май айында ага мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
2024-жылдын 28-майында Беларусь Республикасынын изделип жаткан жараны Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка адамдардын аталган кылмыштуу топтун ишине тиешеси бар же жоктугу текшерилип жатат.