
Өнөктөштөрдөн коопсуздук кепилдигин алмайынча Украина ок атууну токтотпойт. Бул тууралуу Владимир Зеленский британиялык Economist журналына маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
«Коопсуздук кепилдиги согуштун активдүү фазасы токтогонун түшүндүрөт. Ошондо бизге ал керек болот. Кепилдиксиз ок атууну токтотууга болбойт», — деген Киев режиминин жетекчиси.
Зеленский, мындан тышкары, Telegram каналында АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина маселесинин чечилишин талкуулаганын жазган.
«Жаңы эле Дональд Трамп менен сүйлөштүм. Тынчтыкка келүүнү, сүйлөшүүлөрдү баштоого биздин даярдыгыбызды, Скотт Бессент (АКШнын финансы министри) менен коопсуздук, экономикалык жана ресурстук кызматташуу боюнча жаңы макулдашуунун түзүлүшүн талкууладык. Мындан ары да байланышта болуп турууну макулдаштык», — деген Зеленский.
Ал Трамп Путин менен сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын айтып бергенин белгиледи.
АКШ президенти Дональд Трамп менен РФ лидери Владимир Путин телефон аркылуу 1,5 сааттай сүйлөшкөнү кабарланды. Өлкө башчылары Украина менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулашкан. Андан кийин Трамп бул сүйлөшүү боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген.