
Өзбекстандын парламенти бетти жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү кабыл алды, деп жазат ТАСС.
«Жарандардын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген коомдук жайларда кийген кийимдер үчүн административдик жоопкерчилик чарасы киргизилүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Кабыл алынган түзөтүүлөр коомдук тартипти сактоого багытталганы жана мындай мыйзамдар Индия, Индонезия, Казакстан, Марокко жана айрым Европа өлкөлөрүндө бар экени белгиленет. Өзгөчө эмгек жана тейлөө ишмердүүлүгү менен байланышкан кийимдер, ошондой эле медициналык себептерден улам бетти жабуу болушу мүмкүн. Учурда мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасына бекитүүгө жөнөтүлдү.