
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Түп району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте жер көчкү кооптуулугу бар тилкелердин жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Түптүн Шаты айылында жашаган 5 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү боюнча атайын эскертме-көрсөтмөлөр берилди.
Бул иш-чара тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлдү. Кооптуу аймактар ӨКМ кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынат.