Бүгүн ,17-январда Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясынын жыйынында Чынгыз Айдарбеков сырттан кирген католизатору жок унааларды киргизүү боюнча өзүнүнүн пикирин билдирди:
«Түтүндүн булактарынын бири бул өнөр жай,авто унаалардын жана жылытуу системамсында колдонулуп жаткан көмүрдүн сапаты жана башка чийки заттар.
Анын ичинде бул унааларга байланыштуу чоң чечкиндүү кадамдар жазала элек,биз ушул маселени түп тамырынан чечели десек анда биринчи иретте тиелешүү чараларды көрүшүбүз керек.
Алардын арасында бул унаалардын католизаторлору . Бирок бизге эски көп унаалар кирет, соңку жылдары электро мобилдер келе баштады бул жакшы жетишкендик.
Бирок буга чейин 20-30 жыл болгон унаалар дагы бар , бул унаалардын таштандысы болуп жатат. Менин сунушум кирип жаткан католизатору жок унааларды киргизбөө керек» -деди.