Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Ырыс Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-мартта өтөт

Актриса Ырыс Жоомартованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-мартта өтөт. Бул тууралуу ырчы Салима Балтаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ага ылайык, актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Асанбай кичи районундагы Токомбаев кечеси 9/4 дарегинде өтөт.

Белгилей кетсек, 1-мартта Жоомартова 60 жаш курагында дүйнө салганы кабарланган.

Ырыс Жоомартова “Шаардык келин Шарапат”, “Айылдык келин Алёнка”, “Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт” жана башка тасмаларга режиссёрлүк кылган.

3 Март 2025 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча