Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

«Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө чакырыктар менен коркунучтарды көп кырдуу анализ» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) алкагында «Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө чакырыктар менен коркунучтарды көп кырдуу анализ» аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин университеттер аралык биргелешкен эл аралык илимий-практикалык конференциясы өз ишин баштады.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан Жогорку Кеңештин КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясындагы, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев куттуктоо сөз сүйлөдү.
Ал өз сөзүндө БУУ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана БРИКС сыяктуу эл аралык иш-чараларда геосаясаттын деструктивдүү факторлоруна биргелешип каршы туруу, коопсуздукту камсыздоо, экстремисттик идеялардын таасирине коомчулуктун каршы туруусу боюнча маселелер көтөрүлүп жатканын белгиледи. «Бул биргелешкен конференция Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунан гана эмес, Беларусь, Россия жана Борбор Азиядагы бир катар коңшу мамлекеттерден келген 150гө жакын жаш илимпоздордун жана алардын устаттарынын күч-аракетин бириктирип, эл аралык жана  улуттук коопсуздукка болгон чакырыктарды жана коркунучтарды биргелешип талдоо, ошондой эле топтолгон көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча жаңы чараларды издөө үчүн бириктирди», — деп белгилеген Шабданбек Алишев 2025-жылы ЖККУнын төрагалыгы Кыргызстанга өтөрүн кошумчалады.
Ал ошондой эле ЖККУнун сессиясында КР Президенти Садыр Жапаров тарабынан коюлган улуттук приоритеттер ЖККУ ПАнын 9-декабрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин катышуусунда өткөн отурумунда талкуунун өзөгүн түздү деди. «Терроризмге жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө, коррупцияга жана трансчек аралык кылмыштуулукка каршы туруу, маалыматтык коопсуздук, диверсиялык идеологиянын таасирине каршы күрөшүү маселелери көтөрүлдү.  Бул багыттардын баары ЖККУнун органдары гана эмес, ошондой эле сиздердин – конференциянын катышуучуларынын пикир алмашуусунда багыт болуп саналат. Андыктан, бул конференция Кыргызстандын ЖККУ форматындагы приоритеттерин ишке ашыруунун алкагындагы биринчи илимий-практикалык жана эксперттик иш-чарасы болуп калды», — деди Шабданбек Алишев.
Белгилей кетсек, конференция 11-декабрдан 14-декабрга чейин Кыргызстандын бир нече ЖОЖдорунун арасында өткөрүлмөкчү.

12 Декабрь 2024 жыл 19:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча