Бүгүн Улуттук госпиталга заманбап тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, унаа «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» ЖЧКсы тарабынан тартууланды.
Салтанаттуу тапшыруу аземине саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Тологонов, «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» компаниясынын башкы директору Чжоу Минь жана госпиталдын жамааты катышты.
Министрдин орун басарынын айтымында, бул белек – өлкөдөгү эң ири медициналык мекемелердин бири болгон Улуттук госпиталдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошулган маанилүү салым. Тез жардам унаасы мекемедеги медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, бейтаптардын өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн бир топ кеңейтет.
