
7-февралда Россия Федерациясын борбору Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын төртүнчү Кеңешмесине Жогорку Кеңештин депутаты, профилдик комитеттин төрагасы Улан Примов жана
Жогорку Кеңештин КМШ ПАА, ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышышты.
Кеңешмеде ЖККУга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын тышкы саясий координациялоого, ЖККУга мүчө мамлекеттердеги аскердик – саясий кырдаалга, мамлекеттердин ички иштерине чет өлкөлүк кийлигишүүгө каршы аракеттенүү тажрыйбасына байланышкан актуалдуу маселелер каралды.
Жыйында Улан Примов «Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо максатында тышкы саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана эл аралык уюмдар жана үчүнчү өлкөлөр менен диалогду улантуу боюнча 2025-жылы ЖККУга Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктары жөнүндө» темасында баяндама жасады.
Комитет төрагасы 2025-жылы ЖККУ төрагалыгы Кыргыз Республикасына өткөндүгүн белгилеп, өлкөнүн уюмдун ролун жана аброюн жогорулатууга кызыкдарлыгын белгилеп: «Кыргыз Республикасы ЖККУга төрагалык кылуу боюнча өзүнүн артыкчылыктуу милдеттерин аткаруу менен мүчө мамлекеттер жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы саясий кызматташтыкты бекемдөөгө багыт алууда. Аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту колдоого багытталган эл аралык уюмдар менен туруктуу диалогдорду түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат», — деди.
Улан Примов тематикалык моделдик мыйзам актыларын жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жолу менен ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселесине токтолду.
«Кыргызстандын ЖККУдагы улуттук артыкчылыктарына таянып, уюмдун эксперттик-аналитикалык потенциалын модернизациялоону улантуу, ошондой эле татаал маалыматтык-аналитикалык маселелерди чечүү үчүн алдыңкы мамлекеттик мекемелерди жана жарандык илим уюмдарын, ошондой эле жогорку билим берүү уюмдарын тартуу тажрыйбасын колдоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз», – деди профилдик комитеттин төрагасы.
Андан тышкары, депутат Улан Примов өз сөзүндө миграция маселесине өзгөчө көңүл бурду. Тактап айтканда, ал миграциялык режимдин барган сайын катуулашына байланыштуу Россия Федерациясында эмгектенген Кыргызстандын жарандары туш болуп жаткан актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрдү.
«Кыргызстандын жарандары узак текшерүү процедуралары үчүн Россияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болууда. Мындан тышкары, ушул жылдан баштап идентификациялоо жана аутентификациянын бирдиктүү системасына каттоону талап кылуу менен чет өлкөлүк жарандардын кирүү тартибин күчөтүү пландаштырылууда», — деди Улан Примов.
Ошол эле учурда депутат ЕАЭБ аймагында жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, россиялык тарап менен эки тараптуу форматта жана ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын Россияга кирүү үчүн алдын ала каттоодон өтүүдөн бошотуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.
Жогоруда аталган иш чаранын алкагында Кыргызстандын өкүлдөрү
Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен дагы жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыкка байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулашты.