
УКМК Бишкектеги Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Комитеттин басма сөз кызматы 25-февралда билдирген маалыматы боюнча, шектүү — тергөөчү, милициянын капитаны Б.У.А. Ал камактагы жарандар менен жакындарынын жолугуусуна ар кандай шылтоо менен тыюу салып, уруксат берүү үчүн системалуу түрдө опузалап акча алууга шарт түзгөн. Шектүү 24-февралда опузалаган акчаны алып жатканда кармалды, деп билдирди УКМК. Бирок акчанын суммасы айтылган жок.
Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталган. Шектүү убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.