Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Учак 80 жүргүнчүсү менен кырсыкка учурады

Торонто эл аралык аэропортунда кырсык катталды. Миннеаполис шаарынан учуп келген учак конуу учурунда учактын учу жерге тийип, учак айланып менен жерге түшкөн. Каза болгондор тууралуу маалымат азырынча жок.

Адистер учактын Торонто аэропортуна конуу учурунда катуу шамалдын таасиринен айланып кетиши мүмкүн экенин айтышууда.

Так себеби азырынча белгисиз, бирок кырсык кар жаап, катуу шамал учурунда болгон.

Учакта 80 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан кеминде 15 адам жаракат алган.

18 Февраль 2025 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча