
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Жеңишбек Токторбаев бул кызматка чейин Жогорку Кеңештин эл өкүлү болуп иштеген.
Эскерте кетсек Ош шаарынын мурдагы мэри Бакытбек Жетигенов Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.