
Акча опузалоого шектүү жарандар кармалды, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
21-февралда милицияга Токмок шаарынын 18 жаштагы тургунунан милиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, акча талап кылып жатат деген маалымат түшкөн. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) боюнча катталды.
Тергөө версиясы боюнча, шектүүлөр өзүн Токмок ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери катары тааныштырган. Алар арыз ээсинин уурдалууга тиешеси бар экенин айтып, андан 30 миң сом талап кыла башташкан.
Чүй ОИИБ менен Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан 22-январда 1996-жылы туулган А.И., 2004-жылы туулган Ж.И. жана 2004-жылы туулган А.К. бул ишке шектелип кармалды. Алар убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.