Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Токмок шаарынын тургундары нан ташыган наабайчыга нааразы болушту

Токмок шаарынын тургундары нан ташыган наабайчыга нааразы болуп, социалдык тармакта видео менен бөлүшүшкөн.
«Күн сайын нанды базарга ушундай алып келишет. Тиешелүү атайын кийимдер жок, курулуш мээлейчен адамдар коробканы жерге коюп, нанды салып жатышат. Эгерде нан жерге түшүп калса, аны кайра эле коробкага салып, дүкөндөргө ташып кетишет.
Коробканын ичи булганыч, отургучта жөн эле кездеме жабылган, полдо болсо эч нерсе жок. Машинада чаң топтолуп калган.

Эмне үчүн эч ким буларды көзөмөлдөбөйт? Нан жана нан азыктарын ташуу эрежелерин ким карайт?» — деп жазган Токмок шаарынын тургуну.

21 Январь 2025 жыл 10:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча