Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Таласта “Альянс Алтын” компаниясынын күрөш боюнча кубогу болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-9-февраль күндөрү Талас шаарында Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси жана колдоосу менен өспүрүмдөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча “Альянс Алтын Кубогу – 2025” облустук чоң мелдеши болуп өттү.
Мелдештин ачылышына келген КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жаш балбандарга ийгилик каалап, компанияга ыраазычылыгын билдирди: “Альянс Алтын” компаниясы жакшы демилге менен күрөш боюнча мелдеш уюштуруп жатат. Буга чейин да облусубузда өткөрүлгөн мелдештерге ар дайым колдоо корсөтүп келген. Бир гана каржылык жактан эмес дүйнө чемпиондору, олимпиаданын катышуучулары Үзүр Жусупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу спортчуларыбызды алып келип жаш муунга дем берип келишет. Мындай спорттук иш-чаралар менен биз кийинки муунду дени сак жашоого үндөйбүз деп ишенем”, — деди облус жетекчиси Эрмат Джумаев.


Мелдешке облус аймагынан 450гө жакын өспүрүм балбандар катышып, алар 32 кг салмактан 80 кг. салмакка чейинки 12 категорияда күч сынашты. Алдыңкы орундарды багындырган жаш балбандарга диплом, медаль жана акчалай сыйлык тапшырылды.
Жаш балбандарды сыйлоого Париж олимпиадасында коло медаль тагынган Үзүр Жусупбеков, Париж олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Алмаз уулу жана эркин күрөш боюнча балбан Ислам Орозбеков катышышты.


Дүйнө чемпиондорун ушундай жаш өспүрүмдөрдүн мелдештерине катыштыруу демилгеси компания уюштуруп келет. Мындай демилге жаштарга абдан чоң дем берип, кызыгуусун арттыраарын машыктыруучулар белгилешти.


Үзүр Жусупбековдун айтымында мындай мелдештер көп болушу керек. Ошондо гана келечекте мыкты спортчулар чыгат: “Мен дагы ушул Талас шаарындагы күрөш залында машыккам. Мелдештер болуп келген, бирок бир, эки жыл болуп анан токтоп калат эле. Буйруса “Альянс Алтын” компаниясынын кубогу ар жылы болот деп ишенем жана жылына келип жаш балбандарга дем берүүгө катышам деген оюм бар”.


«Альянс Алтын» компаниясы жергиликтүү жаштардын спортко болгон кызыгуусун күчөтүүгө жана күрөштү өнүктүрүүгө багытталган мындай кубогу ар жылы өткөрүүнү пландап жатканын компаниянын өкүлдөрү билдиришти.

10 Февраль 2025 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча