Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Өспүрүм үйүнөн машинаны уруксатсыз айдап чыгып , каза тапты

Каракол шаарында жол кырсыгынын кесепетинен өспүрүм каза болду. Бул тууралуу ЖКККБ билдирди.

Кырсык 22-февраль күнү саат 16:40тар чамасында болгон. Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип даракты сүзгөн.

«Рулду башкарып бараткaн 16 жаштагы М.Ч. аттуу өспүрүм чоң атасынын машинасын уруксат сурабастан айдап кеткен. Кучуков көчөсүнө жеткенде рулду башкара албай даракты сүзгөн. Айдоочу мүрт кетсе, дагы үч өспүрүм ооруканага жеткирилген», — деди ЖКККБ.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына 2009 жана 2010-жылкы төрт өспүрүм түшкөнүн билдирди.

«Учурда бейтаптардын бири хирургия бөлүмүндө жатат. Анын боору жарылып, курсагы жабыркап, операция жасалган.Абалы орточо оор деп бааланууда.Экинчи жабыркаган өспүрүмдүн мээси чайкалып, омурткасы сынган.Үчүнчүсүнүн дагы мээси чайкалып, көзү жабыркап, буту сынган.Министрлик кошумчалагандай, текшерүүдөн кийин үчүнчү бейтап амбулатордук дарыланууга чыгарылган.

25 Февраль 2025 жыл 17:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча