
22-февралда милицияга Сокулук районунун тургуну кайрылды. Анын айтымында, Фрунзе айылында анын 23 жаштагы уулун топ балдар токмоктоп кетишкен, деп билдирди Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталды.
Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2006-жылы туулган Д.М., 2005-жылы туулган М.С., 2006-жылы туулган Б.А., 2006-жылы туулган А.Б. жана 2006-жылы туулган А.А. кармалган. Алар убактылуу камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.
Тергөө версиясы боюнча, 21-февралда болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында шектүүлөр жабырлануучуга кол салышкан. Кайра саат 04:00 чамасында жабырлануучунун үйүнө барып, ал жерден мушташ чыгып, аягы токмоктоо менен бүткөн.