Биздин редакция жай айында инстаграм каналында жарыяланган материал боюнча түшүндүрмө берүүнү чечтик.
“Сокол медиа” редакциясы жалган маалымат таратууга катышпай турганын билдиребиз.
Маалымат Бишкек мэриясында каралып жаткан долбоор, т.а. автоунаалардын киришине байланыштуу төлөм системасы боюнча болгон.
Бул тема жай айларында ЖМКларда кеңири талкууланган. Тилекке каршы, биздин СММ кызматкер материалды жеткирүүдө маанилүү сөздү өткөрүп жиберген, ал үчүн иштен бошотулган.Материал биздин сайтта жарыяланган эмес, болгону кыска видеоролик инстаграмга гана чыгарылган жана катаны аныктагандан кийин дароо өчүрүлгөн. Бирок, башка пабликтер аны жүктөп алып, таратып жиберүүгө жетишишкен.Буга байланыштуу, “Сокол медиа” редакциясы окурмандарыбыздан жана шаар мэриясынан кеткен каталар үчүн жана туура эмес маалыматтын тарашы үчүн кечирим сурайт.