Соңку беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык төрт эсеге өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

«Учурда өлкөнүн айыл чарбасынан түшкөн жыйымдардын жалпы суммасы 3 миллиард 516 миллион сомго жетти», — деп айтылат маалыматта.

2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктар төмөнкүдөй көрсөткүчтү түзгөн:

2020-жылы — 261,07 млн сом;

2021-жылы — 325,7 млн сом;

2022-жылы — 507,7 млн сом;

2023-жылы — 818,8 млн сом;

2024-жылы — 1 млрд 40 млн сом.

Ошондой эле 2025-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагынан түшкөн салык 563,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга караганда 76 миллионго көп экени белгиленген.

От admin