Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Саят Исембаев: «Биздин тасмага уруксат берүүңүздөрдү суранабыз»

Коңшу Казакстандын белгилүү «Рэкетир» тасмасында Саяндын ролун жараткан казак актёру Саят Исембаев Кыргызстандын жетекчилигине кайрылды.
Буга чейин тасма Кыргызстанда прокаттан алынганы белгилүү болгон. Ал эми мындан бир күн мурун социалдык тармактарда тасманын Бишкектеги бет ачарынан маркум Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Камчы тартылган видео тараган. Ал тасманын актёрлору менен жолугуп, коштоп жүргөнү маалым болгон.
Саят Исембаев өз кезегинде Руслан Камчынын тасмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
«Мен Кыргызстандын жетекчилигине да кайрылгым келет. Кыргызстандын тургундары биздин тасманы көптөн бери күтүшкөн. Биздин тасманы көрсөтүүгө уруксат берүүңүздөрдү суранабыз», — деди Саят Исембаев.

21 Февраль 2025 жыл 13:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча