Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Салттуу насыялоого альтернатива: ислам каржылоосу Кыргызстандагы рынокту кантип өзгөртүүдө

28-февралда Bellagio Premium’да ислам бизнес-таңкы тамактануусу өттү. Анда көңүл чордондо – ислам каржылоосу болду. Бул жөн гана модадагы тенденция эмес, бул соңку жылдарда мусулмандардын дагы, ошол эле учурда этиканы сактап, ачык түрдө бизнес жүргүзүүгө далалаттангандардын да көңүлүн бурган, буга чейинки кадимки банктык тейлөөгө реалдуу альтернатива.

Бизнес-таңкы тамактанууга ишкер, инвесторлор гана эмес, диний эксперттер дагы катышып, ислам каржылоосу бизнес үчүн жагымдуу болуп жатканынын себебин түшүндүрүп беришти. Бул жөн гана акча эмес, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк жана ачыктыкка негизделген ыкма. Иштин принциби – пайызсыз (риба), көмүскө шарттарсыз жана тыюу салынган тармактарга (мисалы, алкоголь же кумар оюндарына) салымдарсыз.

Жолугушууда спикерлер механизмдин кандай иштешин кенен түшүндүрүштү. “Бакай Банктын” алдындагы Шариат кеңешинин мүчөсү Ринат Габбасов ислам каржылоо продукттары Кыргызстандын Улуттук банкынын стандарттарын эске алып гана эмес, ислам каржылоо мекемелерин жөндөгөн AAOIFI өңдүү эл аралык стандарттарды да эске алуу менен иштелип чыгарын айтты. Эң башкысы – продукт шариат талаптарына толугу менен шайкеш келиши керек.

Бүгүнкү күндө “Бакай Банктын” арсеналында бир нече ислам каржылоо продукттары бар: автокаржылоо, мурабаха жана мудабара.

Бирок банк муну менен эле токтоп калбайт. Жакынкы келечекте иджара, иджара-сервисти, ал тургай ислам камсыздандырууну ишке киргизүү пландалган.

Продукт тизмектерин кеңейтүү эмне үчүн маанилүү? Анткени, ар бир жаңы продукт кирешелүү гана эмес, заманбап рыноктук шартка туруштук бере ала тургандай болушу керек.

“Пилди бөлүк-бөлүктөргө бөлүп алса жеп бүтсө болот деп айтып коюшат эмеспи. Баарын бир убакта жасоо мүмкүн эмес. Биз абдан суроо-талап көп болгон жана реалдуу потенциалын көрө алган гана продукттарды ишке киргизүүдөбүз. Мындай ыкмаларыбыз ислам каржылоо продукттары кыска мөөнөткө мода болуп өтүп кетпей, каржылык инфраструктуранын узак мөөнөттүү бөлүгү болушунун бирден бир өбөлгөсү болот”, — деген Ринат Габбасов.

Мындан тышкары, ислам каржылоосунун алкагында финансыга мамиленин өзү салттуу мамиледен айырмаланат.
«Биз Кыргызстанда ислам терезесинин өнүгүп жатканына абдан кубанычтабыз. Сумма көбөйүүдө жана ал салттуу насыянын реалдуу альтернативасына айланууда», — деген пикирин «Нурзаман» компаниясынын жетекчиси Кудурет Каарыев айтты.

Ал белгилегендей, кадимки насыяга көз карашы дал келбеген көптөгөн ишкерлер үчүн ислам каржылоосу чыныгы куткаруучу болду. Эми андагы продукттардын көп түрдүүлүгүнөн улам ал мусулмандарга гана эмес, маданияттуу, ачык каржылык иш жүргүзүүнү каалагандар үчүн да ылайыктуу болууда.

Ислам каржылоосу – бул жөн гана акча алуу ситемасы эмес, ал банк менен кардар теңдикте болгон жана тобокелдиктер адилеттүү ачык түрдө бөлүнө турган өнөктөштүк ыкма. Кыргызстанда ислам каржылоосун тандаган ишкерлер күндөн күнгө көбөйүүдө, анткени ал продукттар каржылык жактан гана эмес, этикалык жактан да баардык нормаларга жооп берет.

«Бакай Банк» бизнес менен инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бул тармакта лидерлик позицияны ээлейт. Бүт рынок өзгөрүү босогосунда турат, ошондуктан ислам каржылоо продукттарын биринчилерден болуп өздөштүргөндөр бул каржы дүйнөсүнүн лидери болот.

5 Март 2025 жыл 13:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча