Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана тууганымын деген жалганчы жаран кармалды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өлкө жетекчилигинин жана башка адамдардын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү кезектеги акча каражатын пара катары талап кылуу фактысы аныкталып, бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, А.А.А. аттуу жаран өзүн КР Президентинин кеңешчиси жана анын «жээни» жакын тууганы катары тааныштырып, баасы 50 млн. сомго жакын көмүр кенин чет элдик компаниянын менчигине өткөрүп берүүнү талап кылгандыгы аныкталган. Болбосо А.А.А. укук коргоо органдарындагы байланыштарынан пайдаланып, көмүр кенинин ээсин кармоону уюштурууну көздөгөн. Ошол эле учурда ар кандай маселелерди чечүү үчүн өлкө жетекчилиги менен жеке тааныштыгын, үй-бүлөлүк байланыштарын жамынып жүргөн. Бул боюнча КР УКМКга А.А.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.А.А. жана А.Ж.Э. аттуу жарандар Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атын жамынып, көмүр кенине ээлик кылууну көздөп жаткандыгын билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө жарандар А.А.А. жана А.Ж.Э.нин Кыргыз Республикасынын Президенти жана анын жакындары менен эч кандай мамилеси болгон эместиги такталган.

Топтолгон материалдардын негизинде А.А.А. жана А.Ж.Э. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин бардык катышуучуларын, ошондой эле кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштын башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жогорку кызматтагы адамдардын атын жамынып, өлкө мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, алар аныкталгандан кийин тиешелүү чаралар көрүлүп, кылмыш иши козголот. Мындан улам, УКМК ушул сыяктуу фактылардан жапа чеккен жарандарды 0-312-62-05-85 номуруна чалууга чакырат.

18 Февраль 2025 жыл 15:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча