Президент Садыр Жапаров порнографиялык мазмундагы сайттарды чектөөгө багытталган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик администрация кабарлады.

Жаңы мыйзамга ылайык, мындай контентти жайгаштырган сайттарга бир күндүн ичинде материалды өчүрүү тууралуу эскертүү берилет. Эгерде сайттын ээси эскертүүгө баш ийбесе, ал интернет-ресурс 2 айга чейин бөгөттөлөт.

Мындан тышкары, бардык интернет-провайдерлерге порнографиялык мазмундагы материалдарды жайылтууга катуу тыюу салынат.

Мыйзамда Министрлер Кабинети тыюу салынган сайттардын тизмесин түзүп, аны расмий түрдө бекитиши керектиги да белгиленген.

Бул кадам коомдук нравалар менен жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо максатын көздөйт.

От admin