Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Садыр Жапаров:»Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын»

20-февралда президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттиги маек куруп, анда тышкы карыздар, аны төлөө тартиби боюнча пикирин билдирген. Анда өлкө башчы тышкы карыздарды бир күндө төлөп койсо болорун, бирок бул бизге пайдасыз экенин кошумчалаган.

«Сырткы карызыбыз 4,5 миллиард доллар. Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени, 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты. Бүгүн алтын валюта резервибиз 6 миллиард долларга жакын болуп турат. 2020-жылы 2 миллиард доллардын тегереги эле. Бүгүн Улуттук банк 60 тоннага жакын алтын запасыбызды топтоду. Бул көрсөткүч 2020-жылы 16 тонна болчу.

Кредитти алган мамлекеттер 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алышат. Келишимде жазылгандай эле төлөйбүз. Келишимдин эрежесине ылайык, эгер мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөөгө да туура келет экен. Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төлөсөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат. Башында менде деле тышкы карызды бир күндө жаап салалы деген ой болгон. Бирок бизге пайдасыз болгондон кийин өз убагында эле график менен төлөп кете берели дедим. 2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес», — деген Садыр Жапаров.

21 Февраль 2025 жыл 12:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча