Украинада абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Россия сунуштаган меморандум Киев бүгүн ала турчу эң жакшы сунуш. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди
«Россия аны кабыл алууга кеңеш берет. Мындан ары Киевдин абалы начарлагандан начарлай берет«, — деген ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.
Өкүл Россия Украинага 22-июндан кийин сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын өткөрүүнү сунуштап жатканын эске салды.