Ага ылайык, иш күндөрү саат 11:00-18:00дө ВДНХдагы Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңеш берип иштей баштады.
«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ушул жылдын 15-апрелинде «үлүштүк курулуш» механизми иштеп баштаган. Ал чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүк берет», — деп жазылган маалыматта.
Учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун батир курулуп жатканы кошумчаланды.