
Россиянын Курск облустук соту тарабынан Кыргызстандын жараны Ж.Нуржан камакка алынды. Мындай маалыматты 17-февралда облустук соттун басма сөз кызматы таратты.
Андагы маалымат боюнча, шектүү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-291-беренеси (пара берүүгө аракет кылуу) боюнча айыпталууда.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кыргызстандык жаран Россияда мыйзамсыз жашап жүргөн. Ал административдик жоопкерчиликке тартпоо үчүн полиция кызматкерине 100 миң рубль сунуштоого аракет кылган.
Шектүү 2 айга камакка алынды. Мындан тышкары ал ичимдик ичип-ичпегенин медициналык жол менен текшерүүдөн баш тартканы үчүн Россиянын аймагынан чыгарылышы мүмкүн.