
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында Кытайдын алдыңкы “Синьхуа” маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду.
Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын негизги аспектилерине, эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарына жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө кеңири токтолду.
Президент алдыдагы сапардын өзгөчө маанисин белгилеп, ал саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык алмашууларды кеңейтүүгө багытталганын айтты.
Маекте биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле транспорттук логистика маселелери да козголду.