Канаттын кагылышы , мезгилдин чагылышы.

Пара берип жаткан жеринен Алай районунун тургуну кармалды

КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды. Жогорудагы жаран аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген. Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

17 Февраль 2025 жыл 16:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча