Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Айбек Джумагулов Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен жол кырсыктарынын алдын алууга жана ишмердүүлүктү санариптештирүүгө багытталган ыкчам кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө өлкө башчысынын санариптештирүүгө байланыштуу тапшырмаларын толук жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле кызматкерлерге берилген АвтоУраган, электрондук планшеттер, кызматтык унаалар жана башка техникалык жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу боюнча милдеттер белгиленди.
Мындан тышкары, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларын ыкчам жана ыңгайлуу шарттарда кабыл алуу, кызматкерлер арасында тартип менен мыйзамдуулукту сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын соңунда орун басар Айбек Джумагулов тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу талабы коюлду.
ЖКККБнын бөлүмүнүн кызматы.



