
Жүрөк хирургиясы институтундагы өрт фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаш Бекбоева AKIpressке билдирген.
Анын айтымында, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен катталган. Тергөөнүн алкагында экспертизалар дайындалган.
12-февраль, кечинде оорукананын жер төлөсүндө өрт чыккан.
.Өрттү өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, саат 23:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2 адам көз жумган. Бирөөсү 1 жаш 5 айлык, экинчиси 16 жаштагы өспүрүм болгон.