
«Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Москва шаарына учуп кетүүгө аракет кылган Фейсбук социалдык тармагындагы деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«Тактап айтканда Б.Ж.А. өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу максатында Фейсбукттагы өзүнүн аккаунту аркылуу чагымчыл контенттерди жарыялоо менен алектенген.
Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Ж.А. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан №1 тергөө абагына камалды», – деп айтылат расмий маалыматта.
УКМК массалык башаламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.