2024-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Хорватия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич Радман менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Хорватиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин карап чыгышты.
Эки өлкөнүн тышкы иштер ведомстволорунун башчылары саясий жана соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде экономикалык жана инвестициялык келишимдерге кол коюу жана бизнес-форумдарды өткөрүү аркылуу бекемдөө үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргызстан менен Хорватиянын ортосунда миграция, туризм жана энергетика, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында да кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Хорватиянын тышкы иштер министрликтеринин башчылары Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жигердүү кызматташууну улантууга, эки өлкөнүн талапкерлигин жылдыруу боюнча өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Мындан тышкары, тышкы иштер министрлери актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелерди талкуулап, глобалдык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Хорватиянын тышкы иштер министрликтеринин башчылары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Хорватия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык жана консультациялар жөнүндө протоколго кол коюшту.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында басма сөз-жыйыны өттү.