Эмгек министрлиги балдарын кароосуз калтырып кеткен мигранттарга айып салууну кайрадан сунуштады Мунусунда айыптын өлчөмү мурдагы 15 миң сомдон 12 миң сомго төмөндөтүлгөн. Долбоор кабыл алынса, Балдар жөнүндөгү кодекске «эмгек мигранттардын балдары» деген түшүнүк киргизилет. Ата-энелер балдарын 30 күндөн ашык мөөнөткө туугандарына, кошуналарына же тааныштарына калтырып, бирок камкорчу дайындабаса жана тиешелүү органдарга кабар бербесе, айыпка жыгылат.

От admin