Дэн Сяопин проспектиндеги жол оңдоо иштери 2025-жылдын ноябрь айында аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти билдирди.

Учурда атайын техника тартылып, көчөнү капиталдык оңдоого даярдоонун алкагында геодезиялык изилдөө жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Бишкекте 12-августтан тарта Дэн Сяопин проспектин оңдоо иштери башталары кабарланган. Биринчи этапта автоунаалардын кыймылы үчүн Фучик көчөсүнөн Интергельпого чейинки тилке, ошондой эле Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки жолдун түштүк тарабы жабылат.

От admin