
Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу мектептин спортзалында асынып алды
Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун ИИБине таянып билдиргендей, трагедия 5-февралда Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында болгон.
Ошол күнү болжол менен саат 12:40 чамасында райондук оорукана милицияга 16 жаштагы кыздын оор абалда түшкөнүн, анын суицидге аракет жасаганы тууралуу маалымат берген.
Алдын ала тергөөнүн маалыматы боюнча, 5-февралда болжол менен саат 11:25те дене тарбия мугалими мектептин спорт залында кызды турникке асынган абалда тапкан. Мугалим аны дароо арканынан бошотуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Тез жардам кызматы окуучуну райондук ооруканага реанимацияга жеткирген.
Бирок 14-февралда кыз Бишкектеги ооруканада көз жумган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү сот-медициналык экспертизалар дайындалды.